Бишкек, "Саясат. kg".    15-январга карата Кыргызстанда134 адамдан COVID-19 илдети тастыкталды.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.

Алар:

- Бишкек шаарында 46 адам;

- Ош шаарында 3 адам;

- Чүй облусунда 45 адам;

- Ош облусунда 12 адам;

- Талас облусунда катталган жок;

- Нарын облусунда 2 адам;

- Ысык-Көл облусунда 15 адам;

- Жалал-Абад облусунда 8 адам;

- Баткен облусунда 3 адам;

Ушуну менен Кыргызстанда жалпы 82 857 адам коронавирус жана пневмония менен катталган.

Ал эми акыркы сутка ичинде 3 адам көз жумду.
 

Алар:

- Бишкек шаарында — 1;

- Ош облусунда — 1;

- Чүй облусунда — 1.

Республикалык ыкчам штабынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жалпы 1381 адам коронавирус жана пневмониядан көз жумду.