COVID-19дун жаңы штаммы балага жукканын кантип билсе болот. Белгилер

Ооруп калган балдардын жарымынан көбү тез чарчап, айрым учурда эч ким менен сүйлөшкүсү келбей, түнт болуп калууда. Ал эми ымыркайлар себеби жок эле ыйлап, чыргоолонуп жатышат.

Коронавирустун Улуу Британияда пайда болгон штаммына балдар кабылган учурда мурдагысына салыштырмалуу башкача белгилер байкалып жатат. Бул тууралуу Express басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Ооруп калган балдардын жарымынан көбү тез чарчап, айрым учурда эч ким менен сүйлөшкүсү келбей, түнт болуп калууда. Ал эми ымыркайлар себеби жок эле ыйлап, чыргоолонуп жатышат.

"Жаңы штаммга кабылган балдардын 53 пайызы бир эле учурда башы жана ичи ооруп жатканын айтууда. Дене табы 37 градустан жогору болуп, тамагы ооруган балдар дагы бар", — деп айтылат кабарда.
Балдардын 35 пайызы ооруп жатканда тамакка табити тартпай калат, өзгөчө бул белгини бир жашка чейинки балдардан байкаса болот.

Буга чейин адистер Улуу Британияда табылган коронавирустун жаңы штаммы көбүнесе балдарды жабыркатарын айтышкан.

Булак: sputnik.kg