Бишкек, "Саясат. kg". 11-январга караган суткада Кыргызстанда 107 адамдан COVID-19 илдети тастыкталды.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Жаңы учурлар:
- Бишкек шаарында 82 адам;
- Ош шаарында катталган жок;
- Чүй облусунда 8 адам;
- Ош облусунда 2 адам;
- Талас облусунда катталган жок;
- Нарын облусунда катталган жок;
- Ысык-Көл облусунда 10 адам;
- Жалал-Абад облусунда 1 адам;
- Баткен облусунда 4 адам;
Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен 2 адам көз жумду. Каза тапкандардын бири Бишкек шаарында, бири Ысык-Көл облусундагы ооруканалардын биринде дарыланып жаткан.
Республикалык ыкчам штабынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жалпы 1371 адам коронавирус жана пневмониядан каза тапкан.