Бишкек, "Саясат. kg". Сутка ичинде 135 кишиден COVID-19 илдети аныкталды.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Алар:
- Бишкек шаарында 68 адам;
- Ош шаарында катталган жок;
- Чүй облусунда 22 адам;
- Ош облусунда 8 адам;
- Талас облусунда 4 адам;
- Нарын облусунда 1 адам;
- Ысык-Көл облусунда 21 адам;
- Жалал-Абад облусунда 6 адам;
- Баткен облусунда 5 адам.
Муну менен март айынан бери 82 миң 273 киши COVID-19 илдетине чалдыккан. \
Ал эми COVID-19 илдетинен Бишкек жана Баткен облусунуда бирден бейтап каза болду.