Бишкек, "Саясат. kg". 7-январга караган  Кыргызстанда  170 адамдан COVID-19 илдети аныкталды.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 54 адам;

- Ош шаарында 8 адам;

- Чүй облусунда 49 адам;

- Ош облусунда 16 адам;

- Талас облусунда 3 адам;

- Нарын облусунда 10 адам;

- Ысык-Көл облусунда 20 адам;

- Жалал-Абад облусунда 10 адам;

- Баткен облусунда катталган жок;

Муну менен Кыргызстанда жалпы 81 миң 826 адамдан COVID-19  илдети аныкталган. 

Ал эми  COVID-19 илдетинен 2 адам каза тапты. Алар Бишкектеги ооруканада дарыланып жатышкан.

Ушуну менен Кыргызстанда жалпы 1363 адам коронавирус жана пневмония илдетинен  каза тапкан.