Бишкек, "Саясат. kg". Кыргызстанда 4-январга караган сутка ичинде 83 адамдан COVID-19 илдети аныкталды.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Жаңы катталгандар:
- Бишкек шаарында 33 адам;
- Ош шаарында 1 адам;
- Чүй облусунда 17 адам;
- Ош облусунда 5 адам;
- Талас облусунда 3 адам;
- Нарын облусунда 5 адам;
- Ысык-Көл облусунда 17 адам;
- Жалал-Абад облусунда 1 адам;
- Баткен облусунда 1 адам;
Муну менен өлкөдө жалпы 81 миң 388 адамдан коронавирус илдети тастыкталды.