31-декабрга карата 191 жаңы COVID-19 учуру катталды

Бир күндү бир өлүм катталды

Кыргызстанда 31-декабрга карата 191 жаңы COVID-19 учуру катталды. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Бишкек шаарында - 64, Ошто -4, Чүй облусунда - 46, Ош облусунда - 9, Талас облусунда - 7, Нарын облусунда - 5, Ысык-Көл облусунда - 27, Жалал-Абад облусунда - 24, Баткен облусунда - 5 адам.

Алардын арасында эки медициналык кызматкер бар.

Күндүн ичинде 294 кыргызстандык айыгып кетти.

1093 стационардык жана 1756 амбулатордук бейтаптар бар.

Бир өлүм катталды.