Байкоонун катышуучулары 60 жаштан жогору болгондугу белгиленди.

Нью-Йорктогу Хемпстед шаарындагы Хофстра университетинин окумуштуулары COVID-19 оорусу менен ооруган бейтаптардан сейрек кездешүүчү инфекцияны тапты, деп жазат «Knowridge Science Report».

Изилдөөнүн жыйынтыгында, адистер коронавирус сейрек кездешүүчү инфекцияны козгоп, көздүн көрүүсүн начарлатат деп аныкташты.

Нью-Йорктогу ооруканада COVID-19 менен ооруган үч адам кератитке, көздүн чел кабыгынын сезгенишине чалдыгышты. Андан кийин, бейтаптардын көзүнүн ички бөлүгү ириңдей баштаган.

Алардын ичинен бирөөсү каза болсо, бирөөнүн көзүн алып салууга туура келген. Ал эми үчүнчүсүнүн көзү такыр эле көрбөй калган.

Адистер коронавирус менен ооруган бейтаптарда кыска убакыттын ичинде бир ооруканада сейрек кездешүүчү эндофтальмиттин үч учурунун болушу бул жаңы изилдөөлөрдүн зарылдыгын көрсөтүп турарын билдиришти.

Байкоонун катышуучулары 60 жаштан жогору болгондугу белгиленди.

Булак: Баракелде