Коронавирустун мутацияланган жаңы түрү коркунуч жаратууда

Британияда капысынан табылып, элге тездик менен жайылып бараткан, эми Европанын башка мамлекеттерине коркунуч туудурган вирустун мутацияланган түрү элди, ошондой эле бийликти да дендароо абалга алып келди. Британ бийлиги пайда болгон коронавирустун жаңы түрү демейдегиге салыштырмалуу 70 эсе кооптуу экендигин айтты.

Британия өкмөтүнүн илимий кеңешчиси Патрик Валланс вирустун бул түрү бат жайылганы менен коркунучтуу болуп жатканын маалымдады.

— Вирустун мутацияланган түрүнөн 23 түрдүү өзгөрүү байкоого болот. Вирустун бул түрү оңой жугуп, тездик менен жайылат.

Расмий маалымат боюнча, Британияда коронавирустун жаңы түрү миңден ашык адамдан аныкталды.

Борис Жонсон 19-декабрда өлкөдө табылган коронавирустун жаңы түрү азыркыга салыштырмалуу 70% жугуштуу болушу мүмкүн экендигин айтып, калктан этият болууну талап кылган. Ошондой эле чаралар күчөтүлөрүн кошумчалаган.

— Жаңы жагдай өкүндүрүп турат, бирок аргасыздык чаралары. Фактылар алмашканда, ага каршы аракетти да алмаштырууга туура келет. Эгер вирус чабуул жасоо ыкмасын өзгөртсө, биз өлкө катары андан коргонуу чараларын өзгөртүүбүз керек.

Борбор шаар Лондондо жана өлкөнүн түштүк-чыгышында вирустун жайылышына каршы чаралар күчөтүлдү.

Шаар тургундары чектөөлөр күчөтүлгөндөн кийин шаардан жапырт кетип баштады.

Жаңы чектөө чаралары күчүнө кире электе эле Лондондон чыгып кетүүгө аракет кылган жарандардын калың тобу шаардын ири темир жол бекеттерине топтолгон. Ошондой эле Лондонду өлкөнүн башка аймактары менен байланыштырган ири жолдордо да чоң тыгындар пайда болууда.

Британияда катталган коронавирустун жаңы түрү көзөмөлдөн чыгып кеткенин өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Вирус эми Европанын башка өлкөлөрүнө да тарай баштады. Британиядан башка мамлекеттерде коронавирустун жаңы түрү менен он бир учур катталды, тактап айтканда, Данияда тогуз, Нидерландыда бир, Австралияда бир адамдан аныкталган.

Өз кезегинде дүйнөнүн 20га жакын өлкөсү анын ичинде Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин көпчүлүгү Улуу Британия менен болгон байланышты токтотту.

Маалыматка ылайык, биринчилерден болуп Нидерланды бийлиги 1-январга чейин Улуу Британияга учкан аба каттамдарынын токтогонун жарыялады. Андан кийин Бельгия Британия менен болгон чек араны кеминде 24 саатка жапты. Буга байланыштуу Лондон-Брюссель жана Лондон-Амстердам темир жол каттамы убактылуу токтотулду.

Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн ичинен Италия, Германия, Болгария, Ирландия, Литва, Латвия, Финляндия, Хорватия мамлекеттери Улуу Британия менен аба байланышын токтотту.

Мындан тышкары Түркия, Швейцария, Канада, Израиль жана Аргентина бийликтери да Британия менен аба каттамды токтотууга макул болушту. Сауд Аравия бир жумага чек араларын толугу менен жаап, бардык эл аралык каттамдарды жокко чыгарды.

Азырынча көпчүлүк өлкөдө колдонулуп жаткан коронавируска каршы вакциналар вирустун жаңы түрүнө канчалык туруштук бере алары анык эмес.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму чектөө чаралары күчөтүлүшү керектигин айтууда.


Булак: Маралфм