Бишкек, "Саясат. kg". Бир сутка ичинде коронавирус жана пневмония илдетинин 132 жаңы учуру катталды.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан маалымат берди.
Жаңы учурлар:
- Бишкек - 45
- Ош - 6
- Чүй облусу – 21
- Талас облусу - 5
- Нарын облусу - 1
- Ысык-Көл облусу – 32
- Жалал-Абад облусу – 16
- Баткен облусу - 6
Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 225 сакайып, ооруканадан чыгарылды.
Алар:
- Бишкек – 80
- Ош шаары – 23
- Чүй облусу – 34
- Ош облусу – 5
- Талас облусу – 6
- Нарын облусу – 4
- Ысык-Көл облусу – 28
- Жалал-Абад облусу – 24
- Баткен облусу – 21
Ал эми коронавирус илдетинен сутка ичинде бир адам каза болду.
Ал маркум Баткен облусунда дарыланып жаткан.
Кыргызстанда коронавирус менен пневмония илдетинен жалпы 1331 бейтап каза тапты.