COVID-19 вирусуна байланыштуу жалпы статистика жарыяланды
Илдетке каршы республикалык штаб 18-декабрда билдиргендей, оору жугузуп алгандардын эң көбү Бишкек шаарында, эң азы Нарын облусунда.
Илдеттен 1324 киши жашоо менен кош айтышты.
18-марттан 18-декабрга чейин өлкөдө коронавирус жуккандардын саны 78 679 кишиге жетти.
Бишкек шаарында — 26 063;
Чүй облусунда — 10 872;
Жалал-Абад облусунда – 9658;
Ош облусунда — 8093;
Баткен облусунда – 7037;
Ысык-Көл облусунда — 6823;
Ош шаарында — 5455;
Талас облусунда – 2477;
Нарын облусунда – 2201.
Ооругандардын арасынан коронавирус диагнозу 41420 адамга, пневмония диагнозу 37259 кишиге коюлган.
Булак: Элгезит