Бишкек, "Саясат. kg". Сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын 264 жаңы учуру катталды.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек - 76
- Ош - 21
- Чүй облусу – 67
- Ош облусу - 14
- Талас облусу - 4
- Нарын облусу - 14
- Ысык-Көл облусу – 44
- Жалал-Абад облусу – 20
- Баткен облусу - 4
Ал эми акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 395 адам сакайып, ооруканадан чыгарылды.
Алар:
- Бишкек – 125
- Ош шаары – 22
- Чүй облусу – 114
- Ош облусу – 16
- Талас облусу – 13
- Нарын облусу – 5
- Ысык-Көл облусу – 40
- Жалал-Абад облусу – 28
- Баткен облусу – 32
COVID-19 илдетинен дагы 3 бейтап каза тапты.
Каза болгондор:
Баткен облусунда - 2 адам;
Ош облусунда – 1 адам.
Кыргызстанда жалпы 1324 адам коронавирус менен пневмониядан көз жумду.