Бишкек, "Саясат. kg". 15-декабрга карата Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы 4 адам көз жумду.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жыйында билдирди.

Анын маалыматына караганда, экөө Бишкек шаарында, экөө Чүй облусунда дарыланып жаткан.

Ушуну менен өлкө боюнча коронавирус жана пневмония илдетинен жалпы 1316 адам каза болду.