Бишкек, "Саясат. kg". Сутка ичинде коронавирус жана пневмония оорусунун жаңы 318 учуру катталды.

Бул тууралуу республикалык ыкчам  штабынан билдирди.

Жаңы учурлар:

  • Бишкек - 126 
  • Ош - 4 
  • Чүй облусу – 79 
  • Ош облусу - 6 
  • Талас облусу - 4 
  • Нарын облусу - 12 
  • Ысык-Көл облусу – 46 
  • Жалал-Абад облусу – 25 
  • Баткен облусу - 16 

Муну менен Кыргызстанда жалпы 77 миң 674 адамдан коронавирус жана пневмония инфекциясы аныкталган.

Ал эми  сутка ичинде COVID-19 илдетинен 258 адам сакайып, оорукандан чыгарылды

 Алар:

  • Бишкек – 96
  •  Ош шаары – 29
  •  Чүй облусу – 56
  •  Ош облусу – 24
  •  Талас облусу – 3
  •  Нарын облусу – 4
  •  Ысык-Көл облусу – 13
  •  Жалал-Абад облусу – 18
  •  Баткен облусу – 15

COVID-19 илдетинен  жалпы 70 миң 450 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган. 

14-декабрга карата Кыргызстанда  коронавирус илдетинен 5 адам көз жумду. 

Каза тапкандар:

  •  Бишкек  – 1
  •  Ош облусу  – 2
  •  Баткен облусу  – 2

Өлкө боюнча  коронавирус жана пневмония дартынан жалпы 1312 адам каза тапкан.