Бишкек, "Саясат. kg". Акыркы сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын жаңы 341 учуру катталды.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Жаңы учурлар:
- Бишкек - 112
- Ош - 4
- Чүй облусу – 93
- Ош облусу - 14
- Талас облусу - 6
- Нарын облусу - 2
- Ысык-Көл облусу – 58
- Жалал-Абад облусу – 35
- Баткен облусу - 17
Кыргызстанда жалпы 77 миң 59 адамдан коронавирус жана пневмония илдети тастыкталган.
Өлкө боюнча сукта ичинде COVID-19 илдетинен 453 адам сакайып, ооруканадан чыгарылды.
Алар:
- Бишкек – 125
- Ош шаары – 16
- Чүй облусу – 131
- Ош облусу – 35
- Талас облусу – 18
- Нарын облусу – 6
- Ысык-Көл облусу – 46
- Жалал-Абад облусу – 45
- Баткен облусу – 31
Муну менен Кыргызстанда жалпы 69 миң 794 адам коронавирус жана пневмониядан айыкты.
Ал эми сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок.