Украина катаал карантин киргизет

Украина бийлиги коронавируска байланыштуу катаал карантин киргизүү чечимин кабыл алды. Ага ылайык, 8-январдан 24-январга чейинки аралыкта өзгөчө режимдеги чектөөлөр сакталат.

Ошондой эле министрлер кабинети жалпы элдик карантин убактысын жана өлкөдөгү өзгөчө кырдаал режимин 28-февралга чейин узартты. Буга чейин бул чектөөлөр жыл соңуна чейин болору айтылган эле.

Катаал карантин учурунда мектептер жана жогорку окуу жайлар жабык болот, бирок бала бакчалар жумушун улантат. Массалык иш-чараларды уюштурууга, көңүл ачуучу жайлардын жана маданий мекемелердин иштөөсүнө толугу менен тыюу салынат. Мындай чектөөлөр базарларга да тиешелүү.

Буга чейин Украина президенти Владимир Зеленский масштабдуу локдаун болорун, ошол эле учурда өлкөгө кирип-чыгуу пункттары жабылбай тургандыгын билдирген.

Булак: Маралфм