Бишкек, "Саясат. kg".   Акыркы сутка ичинде коронавирус жана пневмония илдетинин 379 жаңы учуру катталды.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.

Жаңы учурлар:

  • Бишкек - 120 
  • Ош - 8 
  • Чүй облусу – 98 
  • Ош облусу - 11 
  • Талас облусу - 10 
  • Нарын облусу - 7 
  • Ысык-Көл облусу – 81 
  • Жалал-Абад облусу – 29 
  • Баткен облусу - 15 

Муну менен Кыргызстанда жалпы 76 миң 391 адамдан коронавирус менен пневмония дарты аныкталды.

Ал эми акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 527  адам сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Алар:

  •  Бишкек – 140
  •  Ош шаары – 16
  •  Чүй облусу – 104
  •  Ош облусу – 36
  •  Талас облусу – 21
  •  Нарын облусу – 11
  •  Ысык-Көл облусу – 41
  •  Жалал-Абад облусу – 86
  •  Баткен облусу – 72

10-декабрга карата Кыргызстанда жалпы 68 миң 894 адам коронавирус менен пневмониядан айыкты.

Республикалык ыкчам штабынын маалыматы боюнча, COVID-19 илдетинен 3 бейтап каза болду.

Каза болгондордун жаңы учурлары:

  •  Бишкек  – 1
  •  Ош облусу  – 1
  •  Талас облусу  – 1

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинен жалпы 1306 адам каза тапты.