Бишкек, "Саясат. kg". Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония илдетинин жаңы 295 учуру катталды.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек - 68
- Ош - 10
- Чүй облусу – 87
- Ош облусу - 13
- Талас облусу - 8
- Нарын облусу - 4
- Ысык-Көл облусу – 56
- Жалал-Абад облусу – 34
- Баткен облусу - 15
Муну менен Кыргызстанда жалпы 75 миң 690 адамдан коронавирус жана пневмония илдети аныкталган.
Ал эми сутка ичинде COVID-19 илдетинен 473 адам сакайып ооруканадан чыкты.
Алар:
- Бишкек – 126
- Ош шаары – 22
- Чүй облусу – 118
- Ош облусу – 44
- Талас облусу – 18
- Нарын облусу – 7
- Ысык-Көл облусу – 36
- Жалал-Абад облусу – 68
- Баткен облусу – 34
Ушуну менен Кыргызстанда жалпы 67 миң 873 адам коронавирус жана пневмониядан айыгып чыккан.
Республикалык ыкчам штабынын маалыматы боюнча, COVID-19 илдетинен 4 адам каза болду.
- Бишкек – 3
- Ош облусу – 1
Өлкө боюнча жалпы 1301 адам коронавирус жана пневмониядан көз жумду.