Бишкек, "Саясат. kg".  Акыркы сутканын ичинде Кыргызстанда  440 адамдан коронавирус жана пневмония илдети аныкталды.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 109 адам;

- Ош шаарында 17 адам;

- Чүй облусунда 162 адам;

- Ош облусунда 24 адам;

- Талас облусунда 13 адам;

- Нарын облусунда 14 адам;

- Ысык-Көл облусунда 37 адам;

- Жалал-Абад облусунда 39 адам;

- Баткен облусунда 25 адам.

Муну менен Кыргызстанда жалпы 74 миң 373 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталган.