Бишкек, "Саясат. kg".  Кыргызстанда  сутка  ичинде 420 адам коронавирус жана пневмония менен катталды.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 179 адам;

- Ош шаарында 8 адам;

- Чүй облусунда 112 адам;

- Ош облусунда 26 адам;

- Талас облусунда 13 адам;

- Нарын облусунда 4 адам;

- Ысык-Көл облусунда 35 адам;

- Жалал-Абад облусунда 15 адам;

- Баткен облусунда 28 адам.

Муну менен Кыргызстанда жалпы 73 миң 933 адамдан COVID-19 илдети  аныкталган.