Бишкек, "Саясат. kg". Сутка ичинде COVID-19 жана пневмония илдетинин 371 жаңы учуру катталды.

Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинин  371 жаңы учуру катталды

Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди. 

Жаңы катталган учурлар:

  • Бишкек - 69 
  • Ош - 3 
  • Чүй облусу – 126 
  • Ош облусу - 11 
  • Талас облусу - 11 
  • Нарын облусу - 3 
  • Ысык-Көл облусу – 36 
  • Жалал-Абад облусу – 86 
  • Баткен облусу - 26 

Муну менен Кыргызстанда жалпы 73 миң 178 адамдан COVID-19 илдети аныкталды.

Ал эми бир сутка ичинде коронавирус илдетинен 562 адам сакайып, ооруканадан чыгарылды. 

 Алар:

  • Бишкек – 114
  •  Ош шаары – 16
  •  Чүй облусу – 99
  •  Ош облусу – 48
  •  Талас облусу – 47
  •  Нарын облусу – 11
  •  Ысык-Көл облусу – 50
  •  Жалал-Абад облусу – 109
  •  Баткен облусу – 68

Кыргызстанда жалпы 64 миң 711 адам коронавирус менен пневмониядан дарыланып ооруканадан чыгарылган.

Республикалык ыкчам штабынын маалыматы боюнча, COVID-19 илдетинен  4 адам каза болду. 

Каза болгондордун жаңы учурлары:

  • Чүй облусунда  – 1 адам;
  •  Ош облусунда  – 2 адам;
  •  Талас облусунда – 1 адам.

Өлкө боюнча коронавирус жана  пневмония инфекциясынан көз жумгандардын  жалпы саны 1275 адамга жетти.