Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинин 380 жаңы учуру аныкталды.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек — 137;
- Ош — 4;
- Чүй облусу – 79;
- Ош облусу — 18;
- Талас облусу — 19;
- Нарын облусу — 10;
- Ысык-Көл облусу – 38;
- Жалал-Абад облусу – 48;
- Баткен облусу — 27.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жана пневмония менен катталгандардын жалпы саны 72 миң 807 адамга жетти.
Ал эми республикалык ыкчам штабынын маалыматы боюнча, COVID-19 илдетинен 5 адам каза тапты.
Каза болгондордун жаңы учурлары:
▪️ Бишкек шаарында – 1 адам;
▪️ Чүй облусунда – 1 адам;
▪️ Ош облусунда – 1 адам;
▪️ Талас облусунда – 2 адам.
Муну менен өлкө боюнча COVID-19 илдетинен каза болгондордун жалпы саны 1271 адамды түздү.