Бишкек, "Саясат. kg". Кыргызстанда COVID-19 илдетинен 4 адам көз жумду.
Республикалык ыкчам штабынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 4 адам көз жумду.
Каза болгондордун жаңы учурлары:
- Бишкек шаарында 2 киши;
- Ысык-Көл облусунда 1 киши;
- Баткен облусунда 1 киши;
Ушуну менен Кыргызстанда жалпы 1266 адам коронавирус жана пневмония илдетинен каза тапкан.