Бишкек, "Саясат. kg".  Өлкө аймагында  456 адамдан коронавирус жана пневмония илдети аныкталды.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 110 адам;

- Ош шаарында 10 адам;

- Чүй облусунда 101 адам;

- Ош облусунда 34 адам;

- Талас облусунда 24 адам;

- Нарын облусунда 8 адам;

- Ысык-Көл облусунда 37 адам;

- Жалал-Абад облусунда 102 адам;

- Баткен облусунда 30 адам.

Муну менен пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 72 427 адамдан COVID-19 инфекциясы аныкталды.