Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен  дагы 6 адам көз жумду.

Республикалык ыкчам штабынын  26-ноябрда билдирген маалымат боюнча,  Бишкек шаарында беш адам, бири Ош облусунда дарыланып жаткан.

Муну менен Кыргызстанда жалпы 1251 адам коронавирус жана пневмония илдетинен көз жумду.

Ал эми  өлкө аймагында коронавирус жана пневмония инфекциясына 427 адам кабылды.

Жаңы учурлар:

- Бишкек шаарында 179 адам;

- Ош шаарында 17 адам;

- Чүй облусунда 94 адам;

- Ош облусунда 36 адам;

- Талас облусунда 13 адам;

- Нарын облусунда 2 адам;

- Ысык-Көл облусунда 35 адам;

- Жалал-Абад облусунда 23 адам;

- Баткен облусунда 28 адам.

Ушуну менен  Кыргызстанда жалпы 71 миң 171 адамдан коронавирус илдети аныкталды.