Бишкек, "Саясат. kg".  Кыргызстанда коронавирус илдетинин 378 учуру катталды.

Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында коронавирус жана пневмония илдети менен 378 адам аныкталды.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 80 адам;

- Ош шаарында 11 адам;

- Чүй облусунда 111 адам;

- Ош облусунда 45 адам;

- Талас облусунда 11 адам;

- Нарын облусунда 10 адам;

- Ысык-Көл облусунда 28 адам;

- Жалал-Абад облусунда 54 адам;

- Баткен облусунда 28 адам.

Муну менен Кыргызстанда жалпы 70 миң 744 адамдан коронавирус аныкталган.