Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 59 млн адамга жетти

Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 59 млн адамга жеткенин Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, дүйнөдө 59 млн 70 миң 488 адам коронавируска кабылса, 1 млн 394 миң 694 адам каза болду.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2020-жылдын 11-мартында коронавирус инфекциясын пандемия деп сыпаттаган.

Булак: Кабар