Бишкек, "Саясат. kg".  24-ноябрга карата дагы 481 адамдан COVID-19 илдети  аныкталды.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 124 адам;

- Ош шаарында 16 адам;

- Чүй облусунда 176 адам;

- Ош облусунда 22 адам;

- Талас облусунда 14 адам;

- Нарын облусунда 6 адам;

- Ысык-Көл облусунда 35 адам;

- Жалал-Абад облусунда 67 адам;

- Баткен облусунда 21 адам.

Муну менен Кыргызстанда коронавирус менен катталгандардын жалпы саны  70 миң 366 адамга жетти.