Бишкек, "Саясат. kg". 22-ноябрга карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынан 4 адам көз жумду.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Республикалык штабынын маалыматы боюнча, Бишкек шаарында 2 адам жана Талас облусунда 2 адам дарыланып жаткан.
Муну менен өлкө боюнча коронавирус жана пневмония илдетинен жалпы 1231 адам каза болду.