Бишкек, "Саясат. kg". Сутка ичинде дагы 432 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталды.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Жаңы катталгандар:
- Бишкек шаарында 138 адам;
- Ош шаарында 27 адам;
- Чүй облусунда 62 адам;
- Ош облусунда 26 адам;
- Талас облусунда 10 адам;
- Нарын облусунда 15 адам;
- Ысык-Көл облусунда 51 адам;
- Жалал-Абад облусунда 66 адам;
- Баткен облусунда 37 адам.
Республикалык ыкчам штабынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жалпы 69 миң 581 адамдан коронавирус жана пневмония илдети аныкталган.