Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында 200 адам;
- Ош шаарында 16 адам;
- Чүй облусунда 86 адам;
- Ош облусунда 25 адам;
- Талас облусунда 20 адам;
- Нарын облусунда 5 адам;
- Ысык-Көл облусунда 49 адам;
- Жалал-Абад облусунда 29 адам;
- Баткен облусунда 17 адам.
Муну менен Кыргызстанда жалпы 69 миң 149 адамдан коронавирус жана пневмония илдети аныкталды.
Ал эми сутка ичинде COVID-19 инфекциясынан 4 адам көз жумду.
Алар:
▪️ Бишкек шаарында – 3 адам;
▪️ Талас облусунда – 1 адам.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинен жалпы 1227 адам каза болду.