Бишкек, "Саясат. kg". Акыркы сутка ичинде COVID-19 жана пневмония илдетинин 386 жаңы учуру катталды.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек - 119
- Ош - 2
- Чүй облусу – 118
- Ош облусу - 30
- Талас облусу - 17
- Нарын облусу - 11
- Ысык-Көл облусу – 55
- Жалал-Абад облусу – 7
- Баткен облусу - 27
Муну менен өлкөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын жалпы саны 68 миң 702 адамга жетти.
Өлкөдө сутка ичинде бул илдеттен айыккандардын саны 427 кишини түздү.
- Бишкек – 91
- Ош шаары – 2
- Чүй облусу – 81
- Ош облусу – 55
- Талас облусу – 11
- Нарын облусу – 3
- Ысык-Көл облусу – 33
- Жалал-Абад облусу – 85
- Баткен облусу – 66
Ушуну менен Кыргызстанда жалпы 59 миң 789 адам коронавирус жана пневмониядан сакайды.
Ал эми COVID-19 илдетинен 6 киши каза тапты.
Каза болгондордун жаңы учурлары:
- Бишкек – 4
- Нарын облусу – 1
- Ош облусу – 1
Өлкө боюнча жалпы каза болгондордун саны 1223 адамга жетти.