Бишкек, "Саясат. kg".  Кыргызстанда 422 адам COVID-19 илдетине чалдыгып,   5 адам каза болду.

Акыркы сутка ичинде 5 адам коронавирустан каза тапты. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.

Каза болгондордун жаңы учурлары:

  •  Бишкек шаарыда  – 1 адам;
  •  Талас облусунда – 1 адам;
  •  Чүй облусунда  – 1 адам;
  •  Жалал-Абад облусунда – 1 адам;
  •  Ош облусунда – 1 адам катталган.

COVID-19 инфекциясынан каза тапкандардын жалпы саны  1217 адамды түздү.

Сутка ичинде 442 адамдан коронавирус илдети аныкталган.

  • Бишкек – 130;
  • Ош – 22;
  • Чүй облусу – 93;
  • Ош облусу – 45;
  • Талас облусу – 20;
  • Нарын облусу – 16;
  • Ысык-Көл облусу – 51;
  • Жалал-Абад облусу – 24;
  • Баткен облусу – 21.

Муну менен өлкө боюнча COVID-19 илдетине чалдыккандардын жалпы саны  68 миң 316 адамга жетти.

Ал эми бир сутка ичинде  512 адам коронавирус илдетинен айыгып чыккан.

  • Бишкек – 168;
  • Ош шаары – 10;
  • Чүй облусу – 78;
  • Ош облусу – 49;
  • Талас облусу – 16;
  • Нарын облусу – 8;
  • Ысык-Көл облусу – 45;
  • Жалал-Абад облусу – 50;
  • Баткен облусу – 92.

Ушуну менен  бул дарттан айыгып чыккандардын саны 59 362 киши түздү.