Коронавируска каршы дагы бир вакцина таасирдүү деп табылды.

Америкалык «Moderna» компаниясы «mRNA-1273» эксперименталдык вакцинасы сыноодон ийгиликтүү өтүп, коронавируска каршы 94,5 % натыйжа көрсөткөнүн айтууда.

Буга чейин «Pfizer» вакцинасы сыноодон ийгиликтүү өткөнү маалымдалган эле. Ошентип АКШда коронавируска каршы экинчи дары иштелип чыкты.

АКШнын башкы эпидемиологу Энтони Фаучи: «Бул абдан таасирленткен жыйынтык болду», — деди.

Жаңы жылга чейин «Pfizer» вакцинасынын 40 млн дозасын чыгаруу пландалып жатат. Ал эми «Moderna» 20 млн доза вакцина өндүрөт.

2021-жылга «Moderna» 500 миллиондон бир миллиардга чейин, «Pfizer» болсо 1,3 млрд доза чыгарууну көздөп турат.

Кытай менен Орусия жакынкы күндөрдө өздөрү өндүргөн вакцина менен жапырт эмдөө баштайт.

Булак: Маралфм