Бишкек, "Саясат. kg". Сутка ичинде COVID-19 425 жаңы учуру катталды.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек - 110
- Ош - 13
- Чүй облусу – 117
- Ош облусу - 50
- Талас облусу - 8
- Нарын облусу - 8
- Ысык-Көл облусу – 55
- Жалал-Абад облусу – 35
- Баткен облусу - 29
Өлкөдө коронавирус дартына кабылгандардын жалпы саны 67 миң 894 адамга жетти.
Ал эми COVID-19 дартынан сутка ичинде 531 адам айыкты.
Алар:
- Бишкек – 146
- Ош шаары – 15
- Чүй облусу – 93
- Ош облусу – 69
- Талас облусу – 17
- Нарын облусу – 10
- Ысык-Көл облусу – 51
- Жалал-Абад облусу – 71
- Баткен облусу – 59
18-ноябрдагы маалымат боюнча, Кыргызстанда жалпы 58 миң 846 адам коронавирус менен пневмониядан айыкты.