Бишкек, "Саясат. kg". 17-ноябрга карата Кыргызстанда COVID-19 илдетинен 4 адам көз жумду.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Республикалык штабынын маалыматы боюнча, Бишкек шаарында 2 адам, Талас облусунда 1 адам жана Чүй облусунда 1 адам дарыланып жаткан.
Муну менен өлкөдө коронавирус жана пневмония менен аныкталгандардын жалпы 1207 адамды түздү.