Бишкек, "Саясат. kg". 13-ноябрга карата өлкөдө 567 адамдан коронавирус жана пневмония илдети аныкталды.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында 136 адам;
- Ош шаарында 41 адам;
- Чүй облусунда 96 адам;
- Ош облусунда 65 адам;
- Талас облусунда 17 адам;
- Нарын облусунда 12 адам;
- Ысык-Көл облусунда 57 адам;
- Жалал-Абад облусунда 101 адам;
- Баткен облусунда 42 адам.
Кыргызстанда коронавирус жана пневмония инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 65 миң 454 адамга жетти.