Бишкек, "Саясат. kg".  Сутка ичинде 400 кишиден коронавирус илдети аныкталды.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.

Жаңы катталаган учурлар:

  • Бишкек – 97
  • Ош – 16
  • Чүй облусу – 56
  • Ош облусу – 35
  • Талас облусу – 19
  • Нарын облусу – 3
  • Ысык-Көл облусу – 59
  • Жалал-Абад облусу – 78
  • Баткен облусу – 37

Кыргызстанда  коронавирус жана пневмония илдетине чалдыккандардын жалпы саны  64 миң 360га жетти.