Бишкек, "Саясат. kg".  Бир сутка ичинде  коронавируска кабылгандардын жаңы 515 учуру катталды.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди. 

Жаңы катталган учурлар:

Бишкек - 107

Ош - 43

Чүй облусу – 60

Ош облусу - 52

Талас облусу - 20

Нарын облусу - 1

Ысык-Көл облусу – 45

Жалал-Абад облусу – 133

Баткен облусу - 54

Муну менен Кыргызстанда жалпы 62 миң 819 адамдан COVID-19 илдети аныкталды.

Ал эми бир суткада айыгып чыккан бейтаптардын саны 546ны түздү. 

Алар:

Бишкек – 117

 Ош шаары – 24

 Чүй облусу – 71

Ош облусу – 86

Талас облусу – 13

 Нарын облусу – 6

 Ысык-Көл облусу – 20

Жалал-Абад облусу – 113

 Баткен облусу – 96

8-ноябрга карата өлкөдө жалпы 53 миң 952 адам коронавирус менен пневмониядан айыкты.