Бишкек, "Саясат. kg".  Бүгүн, Кыргызстанда дагы 556 адамдан коронавирус жана пневмония илдети аныкталды.

Бул тууралу республикалык ыкчам штабынан билдирди.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 160 адам;

- Ош шаарында 42 адам;

- Чүй облусунда 95 адам;

- Ош облусунда 54 адам;

- Талас облусунда 17 адам;

- Нарын облусунда 7 адам;

- Ысык-Көл облусунда 40 адам;

- Жалал-Абад облусунда 91 адам;

- Баткен облусунда 50 адам.

Муну менен Кыргызстанда жалпы 62 миң 304 адамдан COVID-19 илдети  аныкталды.