Бишкек, "Саясат. kg"  5-ноябрга карата Кыргызстанда дагы 535 адамдан коронавирус жана пневмония дарты аныкталды.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди. 

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 151 адам;

- Ош шаарында 21 адам;

- Чүй облусунда 104 адам;

- Ош облусунда 75 адам;

- Талас облусунда 20 адам;

- Нарын облусунда 6 адам;

- Ысык-Көл облусунда 43 адам;

- Жалал-Абад облусунда 67 адам;

- Баткен облусунда 48 адам.

Муну менен Кыргызстанда коронавирус жана пневмония илдетине чалдыккандардын жалпы саны 61 миң 309 адамга жетти.