Бишкек, "Саясат. kg". 2-ноябрга карата Кыргызстанда сутка ичинде COVID-19 илдетинен 5 адам көз жумду.
Республикалык ыкчам штабынын маалыматы боюнча, Бишкекте 2 адам, Баткен облусунда 1 адам жана Талас облусунда 1 адам дарыланып жатышкан.
Муну менен Кыргызстанда коронавирус жана пневмония илдетинен каза тапкандардын жалпы саны 1155 адамга жетти.