Бишкек, "Саясат. kg". 1-ноябрга карата Кыргызстанда COVID-19 илдетинен 5 адам көз жумду.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Республикалык штабынын маалыматы боюнча, Бишкек шаарында 2 адам , Баткен облусунда 2 адам жана 1 адам Ош облусунда дарыланып жаткан.
Муну менен өлкө боюнча коронавирус жана пневмония илдетинен көз жумгандардын жалпы саны 1150 адамга жетти.