Бишкек, "Саясат. kg".  Кыргызстанда  сутка  ичинде 484 адамдан коронавирус жана пневмония илдети аныкталды.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 123 адам;

- Ош шаарында 32 адам;

- Чүй облусунда 50 адам;

- Ош облусунда 43 адам;

- Талас облусунда 18 адам;

- Нарын облусунда 5 адам;

- Ысык-Көл облусунда 37 адам;

- Жалал-Абад облусунда 110 адам;

- Баткен облусунда 66 адам.

Муну менен Кыргызстанда коронавирус жана пневмония илдетине чалдыккандардын  жалпы саны  58878 адамга жетти.