Бишкек, "Саясат. kg". Акыркы сутка ичинде коронавирус жана пневмония илдетинен 4 адам каза тапты.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Каза болгондордун жаңы учурлары:
- Чүй облусунда – 1
- Баткен облусунда – 1
- Ош облусунда – 1
- Нарын облусунда – 1
Республикалык штабынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан каза тапкандардын жалпы саны 1134 адамга жетти.