Бишкек, "Саясат. kg".   Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынан  4 адам каза болду.

Республикалык ыкчам штабынын маалыматы боюнча,  сутка ичинде  төрт адам  каза тапкан.

Каза болгондордун жаңы учурлары:

  • Чүй облусунда – 1 адам;
  • Бишкек шаарында – 1 адам;
  • Ош облусунда  – 1 адам;
  •  Баткен облусунда – 1 адам.
     

Муну менен Кыргызстанда коронавирус менен пневмониянын кесепетинен жалпы 1130 адам көз жумду.