Бишкек, "Саясат. kg".  24-октябрга карата Кыргызстанда  коронавирус менен пневмония дагы 556 адамдан аныкталды.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 149 адам;

- Ош шаарында 34 адам;

- Чүй облусунда 67 адам;

- Ош облусунда 75 адам;

- Талас облусунда 23 адам;

- Нарын облусунда 4 адам;

- Ысык-Көл облусунда 35 адам;

- Жалал-Абад облусунда 83 адам;

- Баткен облусунда 86 адам.

Республикалык штабынын маалыматы боюнча,  Кыргызстанда коронавирус жана пневмония  илдетине кабылгандардын жалпы саны 55 144 адамга жетти.