Бишкек, "Саясат. kg". Акыркы сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 482 адамдан аныкталды.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында - 73
- Ош шаарында - 54
- Чүй облусунда – 14
- Ош облусунда - 93
- Талас облусунда - 7
- Нарын облусунда - 1
- Ысык-Көл облусунда – 8
- Жалал-Абад облусунда – 125
- Баткен облусунда - 107
Кыргызстанда коронавирус жана пневмонияга кабылгандардын жалпы саны 52526 адамга жетти.