Бишкек, "Саясат. kg".   Кыргызстанда сутка ичинде COVID-19 илдетинен 5 адам каза болду.

Бул тууралуу республикалык штабынан билдирди.

Республикалык штабынан маалыматы боюнча, Ош облусунда 3 адам, Нарын облусунда 1 адам жана Бишкек шаарында 1 адам коронавирус илдетинен каза болду.  

Ушуну менен Кыргызстан коронавирустан  каза тапкандардын жалпы  саны 1108 адамга жетти.