Бишкек, "Саясат. kg".  Кыргызстанда акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 5 адам каза болду.

Бул тууралуу республикалык  штабынан билдирди.

Республикалык  штабынын  маалыматы боюнча,  Бишкек шаарында 1 адам, Ош облусунда 2 адам жана  Баткен облусунда 2 адам коронавирустан улам каза тапты.  

Муну менен Кыргызстанда  коронавирус илдетинен жалпы каза тапкандардын  саны 1099 адамды түздү.